Гонконгдо мугалимдер экстрадиция мыйзамына каршылыгын көрсөтүп митингге чыкты

Гонконгдо мугалимдер экстрадиция мыйзамына каршылыгын көрсөтүп митингге чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Акцияга чыккандар Гонконгдун борборунда жайгашкан Чатер-Гарден сейил багына чогулушууда.

"Митингге чыккандар сейил бактан баштап администрациянын башчысы Кэрри Лэмдин кеңсесине чейин барууну көздөөдө. Митингге канча адам катышып жаткандыгы азырынча айтыла элек. Буга чейин белгилүү болгондой, аймактын бийлиги мыйзам бузууга шек саналган адамдарды Кытайга экстрадициялоо тууралуу жобону киргизүүнү караштырууда. Буга каршылыгын көрсөткөндөр 11 жумадан бери каршылык акцияларын өткөрүүдө. Митингге чыккандар бул мыйзам долбоору күчүнө кирсе, акыйкатсыз куугунтукталган адамдарды Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачылышы мүмкүн деген пикирде", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eka.kg
2019-08-17 14:29:30
Орусия менен табакташ болгон өлкөлөргө кыйын эле болуп жатат. Москва, Казакстан, Венесуэла, Кыргызстан, Кытай дагы митингдер. Дагы бир жолу КШ менен ЕС утуп кетти окшойт.))
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан