Казакстандын 29 жаштагы тургуну алгач кыздуу болуп, 2 жарым айдан кийин уулдуу болду

Казакстанда 29 жаштагы аял алгач кыздуу болуп, 2 жарым айдан кийин уулдуу болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, дарыгерлер мындай таң калычтуу нерсе аялдын эки жатыны бар экенинен улам болгонун түшүндүрүшкөн.
"Дарыгерлер өзгөчөлүгү бар Уральсктын тургуну Лилияга көп басууга тыюу салып, көбүрөөк жатууну айтышкан. Статистикага карай турган болсок, мындай учурларда бала тирүү төрөлүшүнө мүмкүнчүлүк аз. Аял 24-май күнү 25 жумалык кыздуу болгон. Анын бою 42 сантиметр, салмагы 850 граммды түзгөн. Ал эми эркек бала 2 килограмм 900 грамм салмакта 50 сантиметр бой менен жарык дүйнөгө келген. "Биз уулдуу болсок экен деп тилеп келгенбиз, себеби улуу кызыбыз 7 жашка чыкты. Экинчи төрөт оор болду, ордумдан турууга да тыюу салынды" деп билдирген эне", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aza84
2019-08-18 09:56:55
Ой тобо ар кандай кызыктуулар бар
+8
toktor89
2019-08-18 11:12:34
Жаратканы оз ырыскыларын берсин.
Ислам динине чон салым кошкон перзенттен болсун
+20
argen1991
2019-08-18 13:40:13
Омурлуу болсун!
+12
mirkaa5182
2019-08-18 18:01:37
Укмушго, дүйнөдө нээлер гана болбойт.
+4
maksymtegin
2019-08-18 22:12:50
Аллахтын керемети чексиз!!!!
+2
loshad
2019-08-19 08:46:42
Укмуш го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан