WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болот. Тиркеменин негиздөөчүлөрү Android платформасы үчүн колдун манжалары менен авторизация кыла турган функцияны сынап башташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кирүүнү камсыздоо үчүн тууралоодон "каттоо жөнүндө", "купуялыкты орнотуу" жана "жайгаштыруу" бөлүгүнө кирүү керек. Бул менен функцияны качан иштетүүгө боло турганы аныкталат. Жакынкы аралыкта бул өзгөчөлүк колдонуучуларга жеткиликтүү болот.
Буга чейин WhatsApp тиркемесин иштеп чыккандар iOS операциялык системи үчүн жаңы эки функцияны иштеп чыгышкан. Кардарлар жаңыланган акыркы статусту виджеттин экранынан көрүүгө жана iPhone телефонун колдонгондор билдирүүлөрдү оңой окуй ала турган мүмкүнчүлүккө ээ болушкан.