Twitter социалдык тармагы жарнамалык саясатын өзгөртөт. Компания мамлекет тарабынан көзөмөлдөнгөн жарнамалык жаңылык жазган медиакомпанияларга чектөө коёт. Бул тууралуу чет элдик массалык маалымат каражаттары жазышты.
Twitter муну менен социалдык тармактардагы болуп жаткан кээ бир чагымчылдык окуяларды алдын алып, ачык жана чын диалогду сактап калууну ниет кылат. “Жарнамаларга чектөө коюу негизи жаңылыктарды анализдөөчү медиакомпанияларга тиешелүү, башкача айтканда, каржылык жактан мамлекет көзөмөлдөгөн компаниялар”, - деп жазылат аталган билдирүүдө.
Twitter мамлекеттик маалымат каражаттарына жарнамаларын алып салуу үчүн 30 күн убакыт берет.