Жыл башынан бери 9 миңге жакын чет элдик жарандар Кыргыз өлкөсүндө иштөөгө уруксат алган. Алардын жарымынан көбү кытайлар

2019-жылдын 7 ай ичинде Кыргыз өлкөсүндө 8 миң 757 чет элдик жарандар иштөөгө уруксат алышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын апрель айынан тарта уруксат берүү документтеринин баасы кымбаттаган. Уруксат берүү документтерден бюджетке 64 миллион 300 миң сом түшкөн.

"Кыргыз өлкөсүнө эң көп келген жумушчулар кытайлар - 6 миң 711 адам, 588 түрк, кореялыктар 238, 186 пакистандык, 113 америкалык, 104 адам Индиядан жана 104 Өзбек жарандары", - деп билдирет аталган кызмат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
elchi84
2019-08-22 08:57:02
Ошондо ар чет элдик жаран 8000 ден айына 660 сомдой төлөйт экен да бул деген аз акчаго?Андан көрө ошонун ордуна биздин жарандар иштесе соц фонд налог төлөп жана 8000 ден ашык адам уй бүлөөсүнөн багат эле.
0
JaneEr
2019-08-22 09:13:38
Кытай басып кетти деген соз экенда кыскасы...
+4
talas0707
2019-08-22 09:30:57
Бул биздин саясат.
0
aiba.8327
2019-08-22 09:41:24
Бул корсоткучтон деле коп го
+1
XAN-TORO
2019-08-22 10:01:03
Биз Россияда журобуз алар да бизди жаман корот да.
+2
Globalnews
2019-08-22 11:21:27
Север-Юг жолундагы работниктер го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан