Мадриддик “Реал” норвегиялык чабуулчу Эрлинг Холанддын атасы менен трансфер маселеси боюнча байланышып, өткөн аптада жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Sporting Tel басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, клубдун президенти Флорентино Перес бул трансфер ишке ашарына барган сайын көбүрөөк ишенип жатат.
Белгилей кетсек, 26 жаштагы Эрлинг Холанд 2022-жылдан бери "Манчестер Сити" клубунда ойнойт. Ал Норвегия курамасынын да негизги чабуулчуларынын бири.