Биз социалдык тармакта

Куткаруучулар 10 айда 428 адамды өлүмдөн сактап калышты

Быйылкы жылдын 10 айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 428 адамдын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, куткарылган адамдардын 113ү жол кырсыгынан, 14ү сууга чөгүүдөн, төртөө кен кырсыгынан, бешөө өрттөн аман алып чыгарылган.

Мындан тышкары, ушул мезгил аралыгында 731 жаранга дарыгерлер келгенге чейин алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ошондой эле жыл башынан бери Ысык-Көлдүн, Соң-Көлдүн жана Токтогул суу сактагычынын түбүн тазалоо иштери жүргүзүлүп, 202 гектарга жакын суу аянтынан 25 тонна таштанды жана 156 чакырымдан ашык балык уулоочу тор алынган.

ӨКМ сел жана суу каптоо коркунучунун алдын алуу максатында жүргүзгөн иштердин натыйжасында 72 жерде курулган дамбалар жана бекемделген арык-каналдар миңдеген адамдардын үйлөрүн, мал-мүлкүн жана жолдорду зыяндан сактап калган.

Мындан тышкары, Сары-Жаз дарыясына Ак-Суу жана Түп райондорунун тургундары үчүн көпүрөлөр курулуп бүтүп, 90го жакын чабандын жайлоого каттоосу жеңилдеген.

Министрликтин маалыматына караганда, өлкөдөгү уулуу калдыктар көмүлгөн 60 жайдын 34үндө тазалоо иштери жүргүзүлүп, анын 25инде иш толук аяктаган. Ошондой эле калкка жыл башынан бери 69 шашылыш билдирүү берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан