Казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайбергенге Мексикада Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) ардактуу куру тапшырылды.
Сыйлык ырчыга эл аралык деңгээлдеги жетишкендиктери, ошондой эле чыгармачылыгы аркылуу өлкөлөрдүн жана маданияттардын жакындашуусуна кошкон салымы үчүн берилген.
Белгилей кетсек, WBC – дүйнөлүк бокс уюмдарынын бири. Ал ардактуу курду спорттон тышкаркы тармактын өкүлүнө тапшырды.