Санжар Медетов 2011-жылы эл катары Москвага барып алдуу-күчтүү кезинде иштеп алайын деп кеткен. Анын алдыга койгон максаттарынын бири дагы 10 жыл чет өлкөдө иштөө болгон.
"Азырынча дагы бир нече жыл Орусияда иштейм деген оюм бар. Ал эми мындан ары тасмаларга тартылууга сунуштар болсо албетте тартылам. Актёрлук кесип жакты. Акчасы дагы жакты (күлүп)", - дейт ал.
Анда сөз башынан болсун. Санжар Медетов учурда орусиялык тасма жаратуучулардын толук метраждуу тасмасына тартылууда. Каарманыбыз тасмага кантип тартылып калганы, кандай роль жаратканы тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
"Өзүм Москвадагы дүкөндөрдүн биринде күзөтчү болуп эмгектенем. Жумушта отурганда толук метраждуу тасмага кастинг жарыяланганын окуп калдым. Анда башкы каармандын жан сакчысы болууга ылайыктуу мырзалар керек деп жазылыптыр. Өзүмдү сынап көрмөкчү болдум. Электрондук дарекке өзүм тууралуу кыскача маалымат жана сүрөт жибергем. 15 күндөн кийин мага режиссёр байланышка чыгып, андан чакыруу алдым. 19-августта тасманы тартуу иштери башталды. Тасманын аталышы "Магия". Анда башкы каармандын жан сакчысынын ролун жаратып жатам. Ал эми башкы каармандардын ролун орусиялык белгилүү актриса Марина Петренко, актёр Алексей Кравченко ойноп жатат. Азырынча тартуу иштери жана башка процесстер тууралуу толук маалымат бере албайм. Анткени келишимге кол койгом".
Туулган жери, үй-бүлөсү...
"Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында 1993-жылы төрөлгөм. Бирок балалыгым Кызыл-Суу деген айылда өтүп, орто мектепти ошол жактан аяктагам. Жогорку окуу жайга тапшырып, кайсы бир себептерден улам окуумду уланта албай калгам. Бирок сөзсүз жогорку билимди алам.
Үй-бүлөдө 4 бир тууганмын. Менден улуу 3 эжем бар. Баары үй-бүлөлүү. Атам Ички иштер министрлигинин ардагери, апам медицина тармагында 30 жыл эмгектенген. Учурда ардактуу эс алууда. Мен дагы быйыл Алина аттуу көлдүк кызга үйлөнүп, үй-бүлө курдум. Учурда жубайым экөөбүз Орусиядабыз", - дейт ал.
Санжар Медетов жыл сайын жай мезгилинде Кыргыз жергесине келип эс алып, ата-энесинин жанында чектелүү убакытты өткөргөндөн кийин Москвага сапар аларын кошумчалады.