«SUPER MEDIA» пресс-борборунда бүгүн, 27-августта волейбол боюнча аймактык Азия чемпиондугунда чемпион болушкан Кыргыз волейболчулары маалымат жыйын беришти.
Маалымат жыйындын соңунда катышуучулар балдардын патриоттук сезимин ойготуу жана Олимпиада оюндарына катышуу экенин билдиришти.
Ал эми Элмурза Сатыбалдиев ушундай жетишкендиктен кийин саясатка сөзсүз барарын айтты.
Оңолбек Каныбек уулу оюн тууралуу командадагы ар бир оюнчулар тууралуу айтып берди. Ошондой эле тартип катуу экенин билдирди.
"Кылычбек Сарбагышев, биздин улуу агабыз, машыктыруучу болсо атабыз, ал эми Элмурза Сатыбалдиев чоң атабыз. Биз жеңишке жеткенде машыктыруучу менен Кылычбек байке торт, кола алып келип берип сыйлайт.
Ал эми түнкү саат 23:00дө кол телефондорду чогултуп коюп уктайбыз".
Кылычбек Сарбагышев оюнчулар тууралуу азыноолак кеп курду. "Биздин командага кыйын оюнчулар дагы кирбей калган. Моралдык айкалыштыктын негизинде алынган оюнчулар командага алынып, жеңишти алып келип жатышты. Биздин эреже боюнча оюнчуларга сунуштар болсо түз эле федерацияга келип түшөт. Биз ал сунуштарды карап чыгабыз. Биринчиден балдарга шартты түзүп берип, туура өлкө менен туура команданы таап беришибиз керек".
"2017-жылдан бери волейболго көңүл бурула баштады. Канат Аманкулов мамлекеттик агенттикке келгенден бери каржылоо болуп жатат. Биз аларды уят кылбай, каржылаган жагына барып, алтын, күмүш, коло байгелерди алып келип жатабыз. Ага чейин биздин волейбол жетимсиреп калган. 2017-жылдан бери атабыз, апабыз пайда болду.
Биз биринчи байгени алганда Аскар Салымбековдун куттуктоосу чоң сыймык болду. Ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Мамлекет тарабынан куттуктоо боло элек. Мени болбосо дагы оюнчуларды куттуктайт деп ойлойм", - деди Сатыбалдиев.
Элмурза Сатыбалдиев: "Професионалдык оюнчу менен оюн сүйүүчүлөрдүн айырмасы - машыктырууда, башка мамлекеттердин машыктыруучу курамында ойноо".
Оңолбек Каныбек уулу: "Дүйнөлүк волейболдо бою узун балдар ойношот. Бул волейболдун эрежеси. Ал эми биздин командада ар кимибиздин боюбуз ар кандай. Биздин фишка ошондо. Бирок пазл сыяктуу бир боло алабыз, ошонубуз менен күчтүүбүз".
Оңолбек Каныбек уулу: "Оюндун жүрүшүндө күтүлбөгөн нерсе деле болгон жок. Биринчи күнү талаа ээлери менен беттешкенбиз. Ошондо калыстар непалдыктарга бир аз тартып коюшту".
Нурмухаммед Токтоев, оюнчу:
"Биздин жоопкерчилик капитандын айтканын аткаруу жана тартипти бузбоо. Мен 5 жылдан бери ушул командада ойноп келем. Топту чаап жатканда эмоцияга алдырып, бакырып, кыйкырып турабыз".
Оңолбек Каныбек уулу, команданын капитаны, мыкты оюнчу наамынын ээси:
"Бул мелдешке 5 жылдан бери катышып келебиз. Алгачкы жылы башка командалардын даярдыгын көрүп келгенбиз. Анткени биз ал нерсени дагы жакшы билчү эмеспиз.
Быйылкы оюнда чабуул менен блокко көп иштедик. Ошол аракетибиз менен жеңишке жеттик. Команданын капитаны болгонума 4 жыл болду. Бирок быйыл эле капитандын жоопкерчилигин сездим. Анткени буга чейин командада менден улуу балдар бар болчу.
Бул оюнга 3 ай даярдандык. 2 ай Бишкек шаарында, 1 ай Ысык-Көлдө даярдандык".
Журналисттер оюнчунун боюна кызыгып "командада сизден дагы бою узундар барбы?" деген суроо узатышты.
"Командада менден дагы бою узун балдар бар".
Андрей Анкудинов, башкы машыктыруучу:
"Биздин команда үчүн күйөрмандык кылып, колдоо көрсөткөнүңүздөргө чоң рахмат. Өлкөдөн алыс жакта жасаган ишибиз күйөрмандарыбызга, федерация президентине жана башкаларга арналат. Биздин максат - дени сак жашоо образын түзүүнү жайылтуу.
Командабыз кыйын жолду басып өттү. Оюнчулар кыйын учурда дагы өздөрүнүн каталарын оңдоп жатышты. Биздин спорттогу ийгиликтерибиз дагы да алдыда. Федерациянын президентинин жардамы менен биз мындан чоң ийгиликтерге жетишебиз".
Кылычбек Сарбагышев, волейбол федерациясынын башкы катчысы:
"Келип бергениңиздерге чоң рахмат. Биз Орто Азиянын аймагындагы чемпион болдук. Мындан тышкары, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Кыргыз өлкөсү чогулуп бир уюм баштады.
Биз үчүн жеңишке жетүү, кайрадан алтын алуу оңой болгон жок. Бизден дагы күчтүү командалар болду, ага карабастан жеңишке жеттик. Быйыл Кыргыз волейболуна 90 жыл болду. Бирок акыркы 5 жыл ичинде Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстандын командаларын жеңүүгө жетиштик".
Элмурза Сатыбалдиев, Волейбол федерациясынын президенти: "Биздин жеңиш мамлекет үчүн чоң жетишкендик болду. Биз экинчи ирет алтын байгеге ээ болуп отурабыз. Буга чейин бир ирет алтын жана коло байгелерди алганбыз.
Жеңишке жетүү оңой көрүнгөнү менен кыйын болду. Оюнчуларыбыз үй-бүлөсүн, жеке жашоосун экинчи планга коюп талыкпай эмгектенип, кыргыздын намысын коргоого аракет кылышты. Оюнчуларыбыздын, машыктыруучунун эмгегин көрүп отурасыздар. Чемпионатка катышуу келип эле каражатка такалат. Волейболду көтөрөбүз деп сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Аткаруу комитети, волейбол клубдарынын президенттеринин колдоосу менен барып келдик. Анткени биз мамлекет тарабынан каржыланбайбыз".
Маалымат жыйындын катышуучулары массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө тааныштырылды.