Чолпон Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча президенттик турнири өтүп жатат. Көк бөрү оюнунун күйөрмандары "Достук" жана "Көл-Төр" командаларынын мелдешин кызуу күтүп жатышкан.
Учурда бул эки команда ат майданда кызуу оюн көрсөтүп жатышат. Оюндун биринчи бөлүгүндө 5:0 эсебинде "Достук" командасы алдыга озуп чыкты. Ал эми экинчи бөлүктө "Достук" командасы тай казанга 12 улак таштаса, "Көл-Төр" командасы 1 улак таштады. Чоң айырмачылык менен "Достук" командасы алдыда келе жатат.
Бүгүн, 28-августта 15:00дө "Жаш Күч" менен "Суусамыр" командасы ал эми 16:30да "Кыраан" жана "Ак-Суу" командаларынын кырчылдаган кыл чайнашы орун алат.