Башкы прокуратура Курсан Асановдун уулуна издөө салды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Курсан Асановдун уулуна 27-август күнү издөө жарыяланган.

Курсан Асанов 8-августта Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн далил буюмдарды алып чыгып, жан сакчысы Дамирбек Пайзылла уулу аркылуу баласы Мухаммедге берген деген айып менен 27-августта үй камагына алынган. Ал эми Асановдун уулуна 27-августта аталган кылмышка катыштыгы бар делинген шек менен сыртынан камакка алуу чечими чыгып, издөө жарыяланды.

27-августта Биринчи Май райондук соту Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап, 13-октябрга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарган.

13-августта Курсан Асанов "милициянын кызыкчылыгын сатты" деген жүйө менен министрдин орун басары кызматынан бошотулган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы министр Кашкар Жунушалиев Атамбаевди кармоо учурунда аны менен жалпысынан 3 жолу сүйлөшүү жүргүзгөнүн, министр макул кылдырган соң гана ал ишке Асанов аралашканы тууралуу маалымат тараткан.

Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.

Башкы прокуратура Курсан Асановдун уулуна издөө салды
Курсан Асановдун уулуна сыртынан камакка алуу чечими чыгып, издөө жарыяланды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
chake
2019-08-29 09:56:12
генералдын тубүнө бир пакет жетти
+12
Bektur2011
2019-08-29 10:11:30
Демек пакетти баласы аркылуу жашырган экен. Эми кайтарсын
-12
oSporte
2019-08-29 10:46:03
Bektur2011,асылбек күнүнө канча төлөп берет
+9
gute
2019-08-29 11:36:46
oSporte, Толобойт ушундайларга толоп акчасын коротуп журмок беле ал. Ушундай оомо адамдар жомоко ишенгендер ушундай болушат
+6
Take_men
2019-08-29 12:51:51
oSporte, дөөдүрөбөчү
-6
erlan2196
2019-08-29 10:38:07
Өлкөнүн тагдырына Атамбаевтей эч ким чын дили менен күйбөйт. Сооронбайынар күнүмдүк курсагын ойлогон адам. Жакын арада Сооронбай кетпесе онолбойбуз. Эки жылдан бери шоу уюштуруу менен алек. Сооронбайдын колунан бок келбейт. Элдин Сокеңерди көрөйүн деген көздөрү жок.
+4
tynara81
2019-08-29 17:04:08
erlan2196,элдин Сокенин көрөйүн десе көзү жоктур, кошулам. Анын тарапташы эмесмин. Бирок, АШАны көрөйүн деп көздөрү учуп турган жок да.
+7
Mustafo
2019-08-30 09:16:17
tynara81,туурале АША Кыргызтанды бокко булап кетти Соке деле кыйраткан жери жок.
+1
Bars88
2019-08-29 10:39:02
Башка сайттарда видеосу журотго.Баласы менен телохранители жолукканы
0
kuttubekuzgen
2019-08-29 14:53:07
Bars88,бул жерде деле туратко видеосу.
0
oSporte
2019-08-29 10:44:50
Соке кашкарга Атамбаевди атып ташта деген буйрук берген Асанов аман алып калган үчүн кызматтан кетти
+15
oSporte
2019-08-29 10:45:35
Ал дагы подвалдагы кызмат көрсөткөндөрдүн билдирүүлөрү көнүл бурбагыла
-2
oSporte
2019-08-29 10:47:13
Ал пакетте документтер бар болчу деп жататко аны укмкдан кундузга берген видео жүрөтко
+12
Alia82
2019-08-29 13:51:18
Өлаа мындайда укмуш эле сыщщик болуп кетет экенсиңер го, канчалаган иштер жатат бети ачылбай дайым ушундай болсоңор го...
+11
Aktan2018
2019-08-29 14:14:11
Alia82,олаан эмне
-2
Jaznura
2019-08-29 20:45:13
Асанов кашыктап чогулткан абийирин чөмүчтөп төгүп алды Атамбаевге кызмат кылам деп
+3
Take_men
2019-08-29 21:07:12
Jaznura, ошондой болуп калды окшойт. Пакет жөн пакет эмес окшойт
+4
Mustafo
2019-08-30 09:18:39
Jaznura,чөмүчтөп эмес чакалар төктүго , байлыкты көргөндө
0
altyn-kumush
2019-08-29 21:04:46
Мындай ишине уй-булосун аралаштырбай койсо болмок экен. Баланы да кыдмышкер кылды пиарщик
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан