Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан президенттин Кубогунун Жогорку Лигасындагы жарым финалдык оюндарда Таластын “Ынтымак” командасы Чүйдүн “Сары-Өзөн” командасын 4:2 эсебинде утуп, финалдык оюндарга жолдомо алды.
Ал эми финалга экинчи топ үчүн жолдомо учурда Оштун "Достук" жана Таластын "Кара-Буура" командаларынын ортосунда жүрүп жатат. Финалдык беттешке кайсы команда жолдомо ала турганы алдыдагы мүнөттөрдө белгилүү болот.