Кыргыз-Орус фондунун төрагасын Ысык-Көлдөн издөөгө 10 куткаруучу тартылды. Азырынча табыла элек

Бүгүн, 31-августта Ысык-Көлдө сүзүп бара жатып дайынсыз болгон Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиевди издөөгө 10 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады. Буга чейин анын жакындары Ысык-Көлдө саат 18:00дөрдө толкун болуп, мындан улам аны таппай калышканын малымдашкан.

ӨКМнын маалыматына ылайык, ал көлдү сүзүп өтүү үчүн Чырпыкты айылынан Тоң районунун Кара-Талаа айылын көздөй сүзүп баратып, дайынсыз болгон.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана башка тийиштүү ведомстволорго Эркин Асрандиевди Ысык-Көлдү сүзүп өтүү маалында дайынсыз болгондугуна байланыштуу издөө иштерин активдүү жүргүзүүнү буйруп, бардык күч-аракетти жумшоону тапшырды. Бул окуя Өкмөт башчынын жеке көзөмөлүндө болорун өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
amirrus
2019-08-31 20:54:38
тынч эле оокатыны кылбайт белен сузуп отсон эмне болот экен
+3
CHingiz90
2019-08-31 20:57:57
Ушу бардыгын түшүп чөгүп кетсенер экен элдин ырысын жегендер
+5
JENTLEMAN
2019-08-31 21:57:06
CHingiz90, Туура айттың, өзү эле эмес берки 120 ны да алакетип чөктүрүп ийсең жакшы болмок))).
+2
Avrora2017
2019-09-01 00:14:44
JENTLEMAN,koshulam 120 chimkirikterdi ala ketsin
0
Aidar.001
2019-08-31 23:29:53
Жоо (пешком) сузуп баратканбы же кайык мененби тушунуктуурок маалымат бергилечи
+1
ALATOOLUK.JIGIT
2019-09-01 00:45:16
Aidar.001,ооба, жоо пешком суунун усту менен бараткан экен чалынып кетип чандын арасында калыптыр.
+4
titanik32
2019-09-01 01:12:26
Эми тынч эле олтурушбайбы десең,Темир Сариевди туурайым деп алысыраак Чырпыктыдан баштап алган экен да.Тору айгырдан эле сүзө бербептир.Негизм мындай сүзүп өтөбүз деп элдин көңүлүн бүрдүртуп чоң шоу кылганда моторлу же калактуу кайык менен коштоп жүрүш керек да.Анан эле ит агыткандай сууга агытып жибербей.
+1
zevs
2019-09-01 02:59:56
Jonokoy adam jogolso konul dagy burbasanar kerek.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан