5-сентябрь күнү Дүйшөмбү шаарында 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун, 2023-жылкы Азия чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагында Тажикстан-Кыргыз беттеши орун алат. Оюн Дүйшөмбү шаарынын Борбордук стадионунда өтөрүн Футбол федерациясынан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы Тажикстандын Футбол федерациясы менен сүйлөшүп, оюнду түз алып берүүгө макулдашышты.
Футболдук беттешти экрандан түз алып көрсөтүү КТРК Sport каналында 5 сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.
Тажикстан Футбол федерациясы оюнга болгон билеттин баасын жарыялаган.