ИИМ: "Атамбаевдин жактоочулары иш менен таанышуу убактысын создуктурууда"

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары Сергей Слесарёв менен Замир Жоошевге ушул жылдын 30-августунда тергөө аяктаганын маалымдаган.

"2-3-сентябрь күнү жактоочулар иш менен таанышуу үчүн келишкен эмес. 4-сентябрда Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө бүткөнү тууралуу протоколго кол коюудан баш тартышкан. Ошол эле күнү жактоочулардын колуна иш менен таанышуу үчүн чакырылган билдирме тапшырылган. 5-сентябрда жактоочулар бир-эки саат материалдар менен таанышкан. 6-сентябрдан 11-сентябрга чейин убакытта иштин материалдары менен таанышуу мөөнөтүн бекитүү тууралуу токтом чыкты”, - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aza84
2019-09-07 19:23:20
Баарибир чыгарбайт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан