Кыргыз жөө күлүгү Юлия Андреева "Токио-2020" Олимпиадасына жолдомо алды.
Ал 8-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өткөн эл аралык марафондо тийиштүү нормативди аткарды. Тагыраагы, жөө күлүк Юлия Андреева 2 саат 28 мүнөт 42 секундда келген. Олимпиаданын нормативи 2 саат 29 мүнөт 30 секундду түзөт.
Юлия Андреева кыргыз спортчуларынын арасынан экинчилерден болуп Олимпиада оюндарына жолдомо алды.
Буга чейин суучул Денис Петрашов "Токио-2020" Олимпиадасына эки жолдомого ээ болгон.