Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында 71 жаштагы аялдын жансыз денеси өз үйүнүн короосунан табылды. Ал мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн, денесине 9 жолу миздүү нерсе сайылганын милициядан билдиришти.
Маркумдун кошунасы Арзайым аттуу аял ал тууралуу буларды айтып берди. Анын айтымында, коңшусу эч кимге зыяны жок адам болгон.
"Анын сөөгү бүгүн, 9-сентябрда жерге берилди. Эч кимге зыяны жок, элге пайдасы гана тийген аял болчу. Азыр көп адамдар кабарды угуп алып ыйлап келип жатышат. Жаш кезинде акушер-гинеколог болуп иштечү. Менин кызымды да төрөткөн. Өтө карапайым эле. Себеби көп адамдар ооруп калса же балдарыбыз сыркоолосо кайрылчубуз. Өзү сыныктарды бат айыктырчу. Үйүндө мал багып, жер-жемиш өстүрүп, өзүнө тың аял эле.
Кошунамдын 2 эркек, бир кызы бар. Көп жылдар мурун кичүү эркек баласын өлтүрүп кетишкен деп айтышат. Кызы болсо Орусияда. Ал эми улуу баласы биздин айылда, бирок апасынан бөлөк жашайт. Өзү болсо, каза болуп калган уулунун кызын кичинесинен багып алган. Ал мектепте окуйт. Окуя болгон үйдө ошол небереси экөө жашачу. Баласы киши колдуу каза болгонун айтып, "акыйкатсыздык болуп калды" деп көп ыйлачу.
Милиция кызматкерлери кылмышкерди үч күндөн бери издеп жатышат, табыла элек. Баарыбыз эле мыкаачынын табылышын тилеп жатабыз. Үйдөгү небересинин айтымында, ал болгону чоң энесинин "дагы келдиңби?" деген эле сөзүн уккан. Андан соң уктап калган. Качан гана үй өрттөнүп, түтүндүн жыты мурдуна келе баштаганда кыз ойгонуп, кошунасынан жардам сурап барыптыр. Ал келип, короодо көмкөрөсүнөн жаткан коңшубузду, алыс эмес жерде кан болгон бычакты көрүптүр.
Орусиядан кызы каза болгон уулунун аялы келди. Алардын айтымында, үйдөн эч кандай акча алынган эмес. Баары ордунда. Ошондой эле бычак башка жактан келген. Себеби үйдө андай бычак болбогонун айтышууда. Азыр коңшулар, өч алууну көздөгөн адамдын эле колунан келген деп божомолдошууда", - деди маркумдун коңшусу Арзайым.