Парламент комитетинде билим берүү министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги жактырылды

Бүгүн, 9-сентябрда парламент комитетинде билим берүү министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги жактырылды.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин депутаттары Каныбек Исаковдун талапкерлигин колдошту.

Каныбек Исаковдун талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштады.

4-сентябрда мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева кызматынан бошотулган. Акыркы учурда билим берүү жана илим министрлигине жана анын жетекчилигине карата коомчулук тарабынан сындар күчөгөн эле. Жакында эле Нарын облусундагы контейнер мектептин ачылыш аземи социалдык тармактарда талкууга алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
toktor89
2019-09-09 15:12:58
Ийгилик
+7
erlan2196
2019-09-09 16:20:23
toktor89,
Жээнбеков өзүнүн жердештерин чогулта баштады. Жээнбеков кетсин. Трайбалист кетсин. Сооронбайлар эл көзүнө көрүнбөй кеткилечи. Жээнбековтун кадрлары жоголгула кайдан келдинер ошол жака.
-15
Jacob.
2019-09-09 16:25:20
erlan2196, К.Исаков ОшМУга ректор болгонго чейин ОГПИ ни гүлдөткөн, анан ОшМУ ну гүлдөттү, буйруса Кыргызстандын билим деңгээлин көтөрүп гүлдөтсө жаманбы?
+5
Dembele84
2019-09-09 20:53:28
erlan2196,Кайдан келсе да иштеп берсе болду,каяктагы бок мурунду койгонго Караганда бул киши иштей турган киши,ичин куйбой ийгилик каалап кой!
+2
Nur_5555
2019-09-10 07:49:41
erlan2196,
Сага окшогон акмактар элди болуп жарат. Тундук, тушту эмне айылмасы бар?! Кыргызстанга мыкты реформаторлор кк....
+1
isarti
2019-09-09 15:29:32
ОшМУну жакшы эле өнүктүрдү. Ийгилик каалайм.
+7
KUMKA
2019-09-09 15:55:45
Ийгилик!
+4
Bektur2011
2019-09-09 16:05:38
Ийгилик, ОШМУну татыктуу башкарган байке!
+1
altyn-kumush
2019-09-09 16:09:29
Исаков ОшМУнун билим берүү системасын жогорку даражага көтөрүп, өзүнүн мыкты адис экендигин далилдеди.
+1
Gsuita
2019-09-09 16:55:56
Трайбалисттер жадатышты бул түндүктөн, бул түштүктөн деп. Кыргызстанга жакшы иштеп бере турган кадрлардын бири келди, колдоп-коштоп турсаңар буюрса эң жакшы деңгээлде иш алып бара турган жетекчи.
+1
SHERBOLAT
2019-09-09 22:58:54
Атамбаев убагында тундуктон коп коюлду биз бир дагым суйлогон эмеспиз болунбой ынтымакта болсок жакшыго туугандар
+2
Tolik777
2019-09-10 08:42:36
SHERBOLAT,Анткени Атамбаев тундук-тунштук деп болуп жарган эмес. Баары тен болчу. Мисал келтирсем ошол эле Соке, аны президент кылып кетти го АША
-1
Dembele84
2019-09-10 07:09:47
Атамбаевге окшоп кайдагы охранник,айдоочуларын чон кызматка койгонго караганда,билими бар,оз иши менен таанылган кучтуу инсан келип атат.Бизге баарибир кайсы жердин кулуну,главно иштеп берсе ыраазыбыз!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан