Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билим берүү жана илим министр кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып жатат.
Депутат Кенжебек Бокоев жакшы окуган мектеп бүтүрүүчүсү мугалимдик кесипти тандабай турганын айтты. "1985-жылы биз мектепти бүтүп жатканда жакшы окуган окуучулар мугалимдик кесипти тандаган эмес. Азыр деле жакшы окуган окуучулар бул кесипти тандабайт. Кантип билим берүүнүн сапатын жакшыртуу керек?", - деди Бокоев.
Каныбек Исаков биринчи кезекте мугалимдердин статусун жогорулатуу зарылдыгын билдирди. "Алардын социалдык статусун жакшыртуу керек. Бул багытта иш алып барабыз", - дейт Исаков.