Бишкек-Ош унаа жолунда цемент ташыган унаа жол кырсыгына кабылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 18-февралда саат 14:00 чамасында Сузак районунда катталган.
"Ош-Бишкек багытында бара жаткан цемент ташуучу унаанын тормозу иштебей жолдон чыгып кеткен. Каршы тилкеде келе жаткан Ауди унаасы цемент ташыган унаа жакка качып, ортодо кагылышуу болгон. Жеңил унаада 5 адам болгон. Кырсыктан алардын үчөө денесинин ар кандай жаракаттарды алышты. Эки адам көз жумду. Учурда каза болгон жарандардын аты-жөнү такталып, териштирүү иштери жүрүүдө", - деди басма сөз кызматы.