Бишкекте КамАЗ менен жеңил унаа сүзүшүп, 56 жаштагы аял каза болду

Бишкектеги Ак-Өргө конушунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-декабрда саат 14:25 чамасында Хонда Стрим унаасы Долон көчөсү менен батышты карай бара жатып, Алыкулов көчөсүнүн кесилишинен КамАЗ унаасы менен сүзүшкөн. Мындан улам КамАЗ жолдун четине сүрүлүп, жөө жүргүнчүнү басып калган.

"Жөө жүргүнчү алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болгон. Ал 56 жаштагы аял киши болгон. Ал эми унаалардын айдоочулары дагы ооруканага жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, унаалар айып аянтчасына токтотулду", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан