Бишкек-Ош унаа жолунда 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу жол кырсыгынын күбөлөрү билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн болжол менен эртең мененки саат 9:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 172-чакырымында орун алган. Жол кырсыгында Хонда Торнео үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу алдыдагы унааны ашып өтүү үчүн каршы тилкеге чыгып, алдыдан күйүүчү май ташыган унааны көргөн, ал кайра өзүнүн катарына түшүү аракетин жасап жатып Мазда үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган, ал эми Мазда үлгүсүндөгү унаа оор жүк ташуучу унааны сүзүп жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Мазда унаасындагы 4 адам каза болуп, дагы 1 адам оор жаракаттарды алган.