Бүгүн, 16-сентябрда КСДПнын өкүлдөрү Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаева, Назгүл Мамытова жана Роза Түрксевер суракка чакыртылды. Бул тууралуу аталган партиянын баракчасына жарыяланды. Ага ылайык, жогоруда аты аталгандар ИИМдин тергөө башкармалыгына чакыртылган.
"Эртең Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнүн урматына тынчтык митингин өткөрмөкпүз. Ошол иш-чаранын алдында бизди коркутуу үчүн ушундай сурактар болууда. Бийлик өзүнүн салтын улантууда", - деп жазылат маалыматта.
Маалыматты партиянын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева тастыктап, суракка алар саат 10:00гө чакыртылганын билдирди.
"Менин жактоочум бүгүн саат 18:00гө бошойт экен. Мен тергөө башкармалыгына ошол убакытта барарымды айттым. Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова бири саат 14:00гө, экинчиси 15:00гө барат. Назгүл Мамытова суракка саат 11:00дө кирип кетти. Ал эми шаардык партиялык уюмдун активдүү мүчөсү Роза Түрксеверди криминалдык милиция келип алып кетти", - деди ал.