14-сентябрда Бишкек шаарындагы эски аянтта ачык асман алдында "Tengri Music" фестивалы өткөн болчу. Демейде мындай иш-чаралардан кийин "Тазалык" ишканасы ал жайды тазалап, тонналаган таштанды чыкканын маалымдачу. Бул жолу аталган муниципалдык ишканасы шаар жашоочулары менен жакшы жаңылыгын бөлүштү.
"Тазалык үчүн рахмат. "Tengri Music" фестивалынан кийин эски аянттан бир тонна да таштанды чыккан жок. Таза жана тыкан бойдон экен. Бишкектиктер маданияттуу эс алууну билишет. Ар бир ушундай иш-чаралардан кийин таштандынын көлөмү азайып баратат. Жалпысынан эски аянтка 10 желим контейнер коюлган, ошолордун баары толуптур. Биздин жумушчулар толгон контейнерлерди гана алып кетишти", - деп жазылат "Тазалыктын" маалыматында.