ИИМ: "Жарандардын коопсуздугун жана тынчтыкты сактоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө"

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жана Мамлекеттик чек ара кызматы чек ара аймактарындагы абалды жөнгө салуу боюнча комплекстүү иш-чараларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо багытында бардык чаралар көрүлүп, чек арага жакын аймактарда жашаган жарандар менен түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүшүп, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. "Биздин эң башкы милдетибиз коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо. Ок атышуулар саат 21:30да токтогон. Жергиликтүү жарандар учурда ар бири өз үйлөрүндө. Учурда укук коргоо органдары, мамлекеттик чек ара кызматы абалды жөнгө салуу боюнча бардык аракеттерди көрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2019-09-16 23:48:23
Элди жоошутуп карап отургула,тажиктер уй сала берсин,кирип келе берсин,солдаттарды атып салса да тынчтык керек деп отура бергиле.
+6
keku00
2019-09-17 01:32:30
Мадумаровдун протоколун парламент тезинен жокко чыгарсын. Айбалаев губернатор болсун!
+1
temirov76
2019-09-17 06:59:54
Коопсуздук чаралары эми кучотуло баштадыбы,ушул кезге чейин эмне кылып жургон?
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан