Бүгүн, 24-майда Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кыргыз-Тажик чек арасындагы Мойнок деген жайлоодо ок атышуу болгону маалымдалган. Ал эми чырдын чыгуу себеби тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмүнөн маалымат таратышты.
Маалыматка ылайык, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын Баткен облусунун Баткен районунун Мойнок жерлигинде Кыргыз өлкөсүнүн чек ара кезмети Тажик Республикасынын Ворух анклавынын жергиликтүү жашоочулары тарабынан Кыргыз өлкөсүнүн аймагына мал-жандыктарын кайтаруу аракетин болтурбай, жокко чыгарышкан.
"Тажик тараптан белгисиз адамдар тарабынан кыргыз чек арачыларын көздөй ок чыгарып, атып башташкан. Саат 11:40 чамасында кыска убакытка Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек ара кезметтеринин ортосунда атышуу орун алган. Кыргыз өлкөсүнүн чек арачыларынан жаракат алгандар жок.
Саат 12:20да чыр-чатак чыккан жерде Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Азыркы учурда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы аталган жерлерде кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Эки тарап чыр-чатактын келип чыккан факты боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат", - деп айтылат маалыматта.