Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Исхак Масалиев былтыр Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө канча каражат кеткенин сурады.
Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева 300 миллион сомдон ашык каражат кеткенин билдирди.
“Албетте, көчмөндөр оюндары өткөнү жакшы. Чоң иш-чара жүргүзүп жатабыз. Бирок ошол эле учурда контейнерден мектеп ачып жатабыз. Канчалаган мектептердин курулушу бүтпөй турат”, - дейт депутат.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту каралууда.