Кулунду-унаа жол өткөрүү жайы Кыргыз жана Тажик жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтотту

Бүгүн, 17-сентябрда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги Кулунду-унаа жол көзөмөл өткөрүү жайынан башка өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тажик тарап бир тараптуу негизде Кулунду-унаа жол көзөмөл өткөрүү жайында Кыргыз жана Тажик жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтотту. Бирок бул чектөө үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жок, алар Кулунду-унаа жол көзөмөл өткөрүү жайын кесип өтө алышат.

Эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде 5 өткөрүү жайы жайгашкан. Кулунду-унаа жол көзөмөл өткөрүү жайы көп тараптуу, күнү-түнү иштейт. Ал Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылынын түндүк тарабында жайгашкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
medet1983
2019-09-17 14:32:17
Вообще жаап салыш керек ачпай,Тажиги жок эле жашайбыз.
+6
Omush94
2019-09-17 17:55:52
Неге тажик тарап жабат? Кыргыз тарап деле жаап салса болбойбу?
+1
NURSAPAR
2019-09-17 19:21:49
Кыргыз тарап жапса тиги жеп жутарлардын бизнеси токтоп калат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан