Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков менен Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арада түзүлгөн абал боюнча жумушчу кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы Баткен облусундагы чек ара аймагында чыр-чатак башталгандан тартып, толук ыкчам маалымат алып турганын баса белгиледи. Кеңешменин катышуучулары Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат беришти.
Кеңешмеде ок атуучу куралды биринчи болуп тажик тарап колдонгону, мындан ары чыр-чатакты курчутпай, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги тууралуу сөз болгон. Ошондой эле жаракат алган жарандар зарылдыгына жараша Бишкек шаарындагы ооруканаларга алынып келе турганы айтылып, өлкө башчысы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминовдун аскердик милдетин аткарууда курман болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты.
Президент Сооронбай Жээнбеков кырдаалды жөнгө салуу эл аралык укук алкагында жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир канча жолу белгиленген мурда жетишилген келишимдердин негизинде жүргүзүлүшү керектигин айткан.