Кыргыз-Тажик чек арасындагы атышуудан Баткендеги Максат айылындагы Максат атындагы мектептин имаратына ок тийген.
Аталган мектеп 225 балага ылайыкталып курулуп, учурда 196 бала билим алып жаткан. Ок имараттын алты-жети жерине тийип, дубалдарды тешип кирип, айнектерди талкалаган. Учурда аталган мектептин чыгымдырын ӨКМ эсептеп жатат. Бул тууралуу Максат мектебинин директору Каттабек Жумабаев SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, балдар бүгүн, 19-сентябрдан баштап мектепке келип окуй баштаган. Бирок аталган аймакта абал стабилдүү болгону менен адамдар коркуп калган.
"Мектептеги чыгымдарды ӨКМ эсептеп кеткен. Бирок болжол менен ал жердеги чыгым 50-60 миң сомду түзүшү мүмкүн. Учурда айнектерди окуучулар көрбөсүн деп ак кагаз чаптап, тосуп жатабыз. Бүгүн, 19-сентябрда жергиликтүү окуучуларыбыз мектепке келип окуй башташты. Бирок балдардын көбү сабакка келише элек. Кээ бир адамдар нес абалда болгондуктан, аларга психологиялык, юридикалык жардам керек. Окуядан кийин коркуп айылга келе элек жарандар дагы бар", - деди мектеп директору.