Олимпиадага жолдомо уткан балбан Атабек Азисбеков: "Токиодо бул чемпиондукта кетирген каталарды кайталабайм"

Кыргыз балбаны Атабек Азисбеков Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Токио-2020 Олимпиадасына жолдомо жеңди. Ал грек-рим күрөшү боюнча 87 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, 5-орунга татыган. Кыргыз балбаны мелдеш тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

"Тилекке каршы, коло медаль үчүн беттеште жеңилип калдым. Бул беттешти жеңишим керек эле. Ызаланып турам. Үчүнчү жолу ири мелдеште медаль үчүн беттеште жеңилип калдым. Мени уткан венгр балбаны финалга чейин жетти, ал чындыгында мыкты даярдыкта экен. Анын финалга чыгышы менен мага мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эми бул чемпиондукта кетирген каталарымды Олимпиадада кайталабайм. Казак элине ыраазычылык билдирем", - деди Азисбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aimani
2019-09-18 00:22:42
Ийгилик. Олимпиадада медаль кутобуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан