Кыргыз Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов Азия футбол конфедерациясынын президенти менен жолукту

Кечээ, 17-сентябрь күнү Азия футбол конфедерациясынын президенти Шейх Салман бин Ибрагим Аль Халифа Кыргыз өлкөсүнө келди. Ал биздин өлкөдө 19-сентябрга чейин болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынан маалымдалды.

Маалыматка ылайык, Азия футбол конфедерациясынын президенти иш сапарынын алкагында Кыргыз футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов менен жолукту. Алар биргеликте өлкөдөгү футболду өнүктүрүү жана келечекте конфедерация менен кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшүштү. Тактап айтканда, эки тарап Азия футбол конфедерациясындагы бир катар программа жана долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

"Мындан тышкары, Шейх Салман бин Ибрагим Аль Халифа өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен расмий жолугушту. Жолугушуу учурунда алар футболдун деңгээли, келечектеги пландар жана кызматташтыкты күчөтүү тууралуу сөз кылышты", - деп жазылат маалыматта.

Кыргыз өлкөсү 1994-жылдан бери АФКга мүчө, 25 жыл аралыгында көптөгөн түрдүү программалар ишке ашырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TalaCSKA
2019-09-18 14:16:52
Супер кана ошол корсоткон дизайны ?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан