Депутат Алмамбет Шыкмаматов акыйкатчы Токон Мамытовду жарандардын укугунун бузулушу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга коңгуроо кагып, эл көзүндө жүрүүгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Сиздин чекисттик тажрыйбаңыз чоң, аны жакшы билебиз. Бирок, азыр сиз көрүнбөс фронттун жоокери эмессиз, мурдагыдай жашырынып жүрбөй, акыйкатчы катары көпчүлүк көзүндө көбүрөөк жүрүңүз. Мындай аракет жардам берет. Эгер сиз өз маалында коңгуроо кагып турсаңыз, адам укугунун бузулушу кыйла азаят", - деди депутат.