КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов СИЗО-1де 12 кишилик камерада 6 киши менен отурат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ниязов отурган камерадагы жарандар мурда сот жообуна тартылбаган адамдар.
"Фарид Ниязов менен отургандар "адам өлтүрүү", "зордуктоо" беренелери боюнча шектүүлөр эмес. Башка кылмыштарга шектелип отургандар. Ниязовго жактоочусу, депутаттар кирип жолугуп кетип жатышат. Ал эми үй-бүлөсү менен жолугууну анын ишин карап жаткан тергөөчү гана чечет", - деди маалымат катчы.
Буга чейин Кундуз Жолдубаева Фарид Ниязов "барымтага алуу" беренеси боюнча кармалганын айткан. Андан тышкары, "массалык башаламандыкты уюштуруу" беренеси боюнча айыпталууда. 10-августта Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакка алынган. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган.