Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова күрөшүүдө. Бүгүн, 19-сентябрда ал 62 килограмм салмакта килемге чыкты.
Чейрек финалдык беттеште Тыныбекова украиналык Юлия Ткач менен кез келди. Кызуу беттеште эки балбан тең упайларды алып жатты, бирок чечүүчү упайды Тыныбекова алып, 9:6 эсебинде жеңип алды.
Бул жеңиш менен Тыныбекова жарым финалга чыгып, Токио-2020 Олимпиадасына жолдомого ээ болду. Бул кыргыз спортчулары үчүн төртүнчү жолдомо.
Жарым финалда кыргыз балбаны Түндүк Кореянын балбаны Йоң Сим Рим менен беттешет.