Бүгүн, 20-сентябрда Талас шаарынын Райкан Алканов атындагы ат майданда Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көк бөрү оюнунун жарым финалдык эки оюну болуп өттү.
Талас облусу Чуй облусуна 2:5 эсеби менен жеңилди. Ал эми Ош облусу Бишкек шаарын 8:5 эсебинде Ош облусунун жеңиши менен жыйынтыкталды.
3-4-орун үчүн өтө турган оюндар жана финалдык оюн эртең 21-сентябрда орун алат.