Биз социалдык тармакта

Ак-Босогодо эки баласы менен унаа сүзүп кеткен аял ооруканадан чыкты

Ак-Босого жаңы конушунда жеңил унаа сүзүп, 6 жашар кызы каза болуп, 3 жаштагы баласы менен оор абалда ооруканада жаткан аял бейтапканадан чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эне баланын абалы туруктуу.

Окуянын чоо-жайы:

Жол кырсыгы 4-сентябрь күнү саат 18:45 чамасында Ак-Босого жаңы конушунда болгон. Анда айдоочу Профессор Зима көчөсүндө бара жатып, Архитектурная көчөсүнө бурулганда жөө өтмөктөн жол кырсыгына кабылган. Тактап айтканда, айдоочу 41 жаштагы аялды 3 жана 6 жаштагы балдары менен сүзүп кеткен. Натыйжада аял жана 3 жаштагы бала "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага алынып кетсе, 6 жаштагы кыз окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми айдоочу изин жашырып качып кеткен. Кийинчерээк айдоочу шаар ичинен кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан