Бүгүн, 26-сентябрда парламентте чек ара маселеси боюнча мурда кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жабык каралууда.
Буга чейин аталган маселени Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде каралып, өкмөттүн маалыматы эске алынсын деген токтом кабыл алынган. Ошондой эле депутаттар тарабынан сунуштар айтылган.