Биз социалдык тармакта

Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев СИЗОдо 8-октябрга чейин камакка алынды

Бүгүн, 26-октябрда Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту карады. Соттун чечими менен Сагымбаев 8-октябрга чейин СИЗО-1ге камакка алынды.

УКМКнын 9-кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаев Кой-Таш окуясы боюнча шектелип, 24-сентябрда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Ал адам өлтүрүүгө катышуу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, тергөөгө тоскоолдук жаратуу жана баш аламандык уюштуруу фактысы боюнча айыпталып жатат.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевди туулган күнүндө куттуктагандыгы үчүн анын жан сакчысы Канат Сагымбаев УКМКнын 9-кызматынан иштен алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
altyn-kumush
2019-09-26 22:53:48
Канат улут кызыкчылыгын бир адамдын кызыкчылыгына алмаштырды! Ал берген оз антын бузду, демек жакшылык да кутууго болбойт. Улутун каалаган учурда сатып кетет бир адам учун
-8
Kyrgyz_bloger
2019-09-26 23:10:46
Улуттун кызыкчылыгын сатты деген туура эмес,ал учун башка олкого сатылып кетсе ошентип айтса болот,эмнеге УКМК нын башчысы бизге карайт бирок бизге баш ийбейт дейт,аны кандай тушунсо болот?
0
Altyn10076
2019-09-26 23:26:51
Эркек экен ишин так аткарып кайтарып жүрдү аягына чейин. Кароолчу болуш оңой бекен.
+3
Chungyz
2019-09-27 21:26:34
Медаль бериш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан