Мугалимдердин айлык акысы 30 пайызга көтөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги өткөргөн маалымат жыйында айтылды.
Учурда министр бул токтомго кол коюп жатат. Тактап айтканда, мугалимдер октябрь айындагы эмгек акысын жогорулатылган көлөмдө ала алышат. Жалпы республика боюнча 120 миңден ашык мугалимдин айлык акысы жогорулады. Аларга мектеп мугалимдери, бала бакча жана интернат мугалимдери да кирет. Ошондой эле жогорулатылган эмгек акы менен бирге мугалимдерге талап жогорулап, билим берүүгө басым жасалат.
Тактап айтканда, 12 миң сом алган мугалим мындан кийин 17 миңден ашык айлык ала баштаса, бала бакчадагы иштеген тарбиячынын айлыгы 17 миңге жакындамакчы.
Өлкөдө жалпы орто мектептерде 74 миңден ашык мугалим эмгектенет.