Орусияда такси кызматында иштеген мекендештерибизди депортациялап баштадыбы? Элчиликтин жообу

Орусияда Кыргыз жарандыгы бар такси кызматындагы айдоочуларды массалык түрдө депортациялап жатат. Бул тууралуу Москвада эмгектенип жаткан мекендештерибиз билдиришти. Ага ылайык, “Такси кызматында иштеген мекендештерибизди кандайдыр бир себептерге такоо менен, мисалы документи туура эмес же айдоочулук лицензиясынын мөөнөтү өтүп кеткен деген сыяктуу болбогон шылтоо менен жумуштан кетирип жатышат. Айрымдарын өлкөдөн депортациялоо чечимин чыгарган экен. Мындай көрүнүштүн Малаховдун чырына байланышы жокпу деген ойдо болуп жатабыз”, - деди Москва шаарында иштеп жаткан Урмат Молдомамбетов.

SUPER.KG порталы маалыматты тактоо үчүн Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигине байланышты.

“Биз мындай маалыматты бүгүн эле уктук. Бирок Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан расмий маалымат түшө элек. Ошондой эле мекендештерибизден бул маселе боюнча кайрылуулар болгон жок. Элчиликтин жетекчилиги маалыматты текшерип, иликтөө үчүн кызматкерлерине тапшырма берди. Биз Кыргыз жарандарынын акыркы күндөрү болуп жаткан окуяларга байланыштуу эмоцияларын түшүнүп жатабыз. Бирок расмий эмес маалыматтарга ишенип, жыйынтык чыгаруу туура эмес. Азырынча расмий маалымат жок деп, дагы бир жолу айтып кетели”, - деди элчиликтин маалымат кызматынан.

Маалым болгондой, 24-сентябрда, Орусиялык "Россия 1" каналында "Прямой эфир" теле берүүсүнүн алып баруучусу Андрей Малахов эфир учурунда Кыргыз жаранын кылмышка күнөөлөп, кыргыз элинин дарегине орой сөздөрду айткан. Мындан кийин социалдык тармактарга алып баруучуга каршы флешмоб акциясы тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kanybek121195
2019-10-02 20:08:09
Биздин тышкы иштер министрлигинин шалаакылынан болсо керек. Жалган айтып ал чакырылды бул чакырылды деп жалганды сүйлөп жинине тийип койду окшойт.
+7
Aikaaaa
2019-10-02 22:15:57
Акаевдин анекдотундай болуп атышат го, газ жок эле дейсиңер Майрам газ күйүп атат деди го дегендей болушуп элчиликтер
+2
Mister-X
2019-10-02 22:17:37
Москвада таксилер тынч эле иштеп жатышат.Бул жалган маалымат.Болбосо угат элек.Такси кызматында иштегендерге кысым боло элек.Бирок ,,Нелегал"деген рейд журуп жатат деп имиш уктум.
-3
zhaku2017
2019-10-02 23:03:26
Орусия менен тирешип кереги жок. Орус тилин кемсинтип акыры жакшылык көрбөйбүз.
+4
Bekturbek
2019-10-02 23:14:24
Рейд жүрүп жатат! Баардык тармакта иштеген мигранттарга.
+8
Ernisbii
2019-10-03 14:30:02
Таң калычтуу нерсе элчилик дайыма кеч угат же вообще укпайт,укпаса көрбөсө билбей калса эмнеге мамлекеттин элчилиги болуп маяна алып отурушат значить эл менен кабары жок. Эмне болуп жатканын биринчи угушу керек го. Эл менен тыгыз иштеш керек. Москванын ичинде элдин арасында аралашып иш баруусу кажет,четтеп өзүлөрүн аксөөк сезбей. Азыр элдин арасында көптөгөн ватсаптан группаларды ачып алышып байланышып турушат ошолорго кирип эмне болуп жатат угуп туруш керек. Башка планетада жүргөн жок го.
+2
mirbek2211
2019-10-03 17:24:10
Таксисттерди депортациялап жатканын билбеймго бирок текшеруу журуп жатат баардык эле мигранттарга, кочодо, метродо деле кармап документти базадан текшеришип , таза болсо коё беришип атышат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан