Словакиядан келген турист Калмак-Ашууда калды

Словакиядан келген турист Калмак-Ашуусундагы калың жааган кардан улам чыгалбай калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"29-жаштагы Марош Секельский Соң-Көлгө бараткан. Калмак-Ашуу ашуусуна келгенде, ал айдап бара жаткан мотоцикл кардын тыгынынан чыга албай калыптыр. Куткаруучулар аны чыгарып, айылдардын бирине жеткиришти. Азыр абалы жакшы", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан