Кыргыз Эл артисти, белгилүү балет бийчиси Арстанбек Ирсалиев каза болду. Ал 5-октябрда АКШда көз жумганын Кыргыз опера жана балет театрынан маалымдашты.
Арстанбек Ирсалиев 1950-жылы 25-февралда Чүй облусунун Кара-Балта шаарында төрөлгөн. Ал Ленинграддагы балет мектебин аяктагандан кийин Кыргыз опера жана балет театрында балет бийчиси болуп иштеген. Арстанбек Ирсалиев 17 жашында "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Космонавттар көчөсү" тасмаларына тартылган.
1969-жылы Бүткүл союздук конкурста "Рикша" балет бийлеринин сынагын утуп алган. Ошол эле жылы ал Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы бийчиси болгон.
Бийдеги карьерасы аяктагандан кийин, Бишкек балет мектебинде мугалимдик кесипти аркалаган. Бирок ден соолугуна байланыштуу ал АКШга кетүүгө аргасыз болгон. Маркум АКШда каза болду.
SUPER.KG порталы Арстанбек Ирсалиевдин көз жумганына байланыштуу анын жакындары жана туугандарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат.