Ырчы Омар бүгүн, 9-октябрда бутунун тизе бөлүгүнө операция жасатты. Операция Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда болду. Ырчынын менеджери Миргуль Эсеналиева операция ийгиликтүү болгонун айтты.
"Операция 1 саатка созулуп, ийгиликтүү болду. Учурда Омар палатага которулду", - деди ал.
Омар мырза достору менен футбол ойноп жатканда тизесин сындырып алганын билдирген.