8-октябрь күнү Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев интернет түйүндөрүндө Жип үлгүсүндөгү эки унааны Баткен облусундагы ички иштер органдарынын кызматкерлерине тапшырды деген маалымат тараган. Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-октябрь күнү саат 18:00 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районунда милиция кызматкерлери тарабынан Эркин Мамбеталиевге тиешелүү болгон "Chevrolet Suburban" үлгүсүндөгү мамлекеттик номери 09KS822AAI, 09KS820AAI болгон эки унаа токтотулган.
Азыркы күндө Кадамжай РИИБинин кызматкерлери тарабынан жогорудагы унаалар текшерилип жатат деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Интернетке тараган сүрөттөр аз убакыт ичинде катуу талкууга алынды.