Депутат Аалы Карашев акыркы мезгилде Жогорку Кеңештин күн тартиби күн сайын өзгөрүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Жума күнү башка күн тартибин алабыз. Дүйшөмбү күнү башкача күн тартиби берилип жатат. Бүгүн болсо такыр башка күн тартибин көрүп жатабыз. Мындан улам даярдыгы жок келип жатабыз. Жума күнү Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартиби так бекитилсе жакшы болмок", - деди Аалы Карашев.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков сунуштар эске алына турганын айтты. Ал комитеттерде каралып жаткан мыйзам долбоорлорун алып чыгып жатышканын белгиледи.