Кундуз Жолдубаеванын макамы күбөдөн шектүүгө өзгөрүлгөн жок. Ал эртең дагы ИИМде сурак берет

Бүгүн, 9-октябрда саат 12де КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева ИИМдин Тергөө башкармалыгына суракка кирген. Анын буга чейин да Кой-Таш окуясы боюнча күбө катары сурак берип келгени белгилүү.

Жолдубаева бүгүн анын макамы күбөдөн шектүүгө өзгөртүлө турганын божомолдоп жатканын суракка кирип бара жатып SUPER.KG порталына билдирген. ИИМге сурак берип чыккандан кийин ал төмөнкүлөргө токтолду.

"Сурак 4:30да бүттү. Эртең саат 14:00гө кайра эле ИИМге суракка келүү боюнча жаңы эле колума чакыруу кагазын беришти. Бүгүн Алга Кылычов менен беттешүү болду. Тергөө кызыкчылыгына ылайык башка нерсе айта албайм", - деди Жолдубаева.

Ал эми жактоочу Замир Жоошев анын макамы өзгөртүүсүз калганын балким, эртең, 10-октябрда күбөдөн шектүүгө өтүшү мүмкүн деген божомолдор бар экенин айтты.

"Бүгүн Кундуз Жолдубаева ИИМге сурак берүү үчүн чакырылган. Алга Кылычов менен беттешүү болду. Биз бүгүн Кундуз Жолдубаеванын макамы балким, шектүүгө өтөбү деп божомолдоп жатканбыз. Бирок макам өзгөрбөй, күбө боюнча калды. Беттештирүү учурунда кандай көрсөтмөлөр берилгени боюнча токтоло албайбыз. Анткени тергөөнүн купуялуулугун сакташыбыз керек. Бизде Кундуз Жолдубаева эртең дагы суракка чакырылганына байланыштуу божомолдор бар. Алдыда Жолдубаеваны күбөдөн шектүүгө которуп, балким, баш коргоо чарасын дагы карашат", - деди Жоошев.

Кундуз Жолдубаеванын макамы өзгөрүүсүз калды. Ал эртең дагы ИИМде сурак берет
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jugorsk
2019-10-09 19:48:02
Ашаны кой шеф кысып эле
сурак бер деп убагында айтканынарда бул бале жок эле.Бир уйбуло атасыз калбайт эле.
-5
altyn-kumush
2019-10-09 20:11:47
Кундуз айым жазасын алышы керек! Кой-Таш окуясы боюнча негизги уюштуруучу каармандардын бири ушул
-3
Absamat-90
2019-10-09 20:15:59
Кылган ишин ойлонуп корсун озу, балким бир баланын олумун алдын алса болот эле андан башка дагы иштерге аралашкандыгы учун турмодо калтырса деле болмок. Ошондо балким акыл кирмек
0
Altyn10076
2019-10-10 00:38:12
Макамы деген нени түшүндүрөт биринчи жолу угуп атам?
0
Farra16gsin
2019-10-10 21:29:07
Күнөөсү бар деп ойлойм Кундуздан дагы эми аны сот чечет
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан