Бишкектеги жогорку окуу жайлардын мугалимдерин спорттук нормативди тапшырууга мажбурлап жатышат

Кечээ, 9-октябрда өлкөбүздүн бир катар жогорку окуу жайларында иштеген мугалимдер спорттук норматив тапшырыш керек деген буйрук алышкан. Бул тууралуу окуу жайда иштеген кызматкерлер билдиришти.

Анонимдүү калгысы келген мугалим министрдин буйругун шылдың катары кабыл алганын айтат.

"Мугалимдер тобуна биздин жетекчиден билдирүү келген. Анда 19-20-октябрда биздин окуу жайдын мугалимдери жаш курагына карабастан, техникалык коргонууга даярдык катары спорттук нормативин тапшыруу керек экендиги айтылган. Бул министрликтин буйругу, ким аткарбаса чара көрүлөт деди. Демек, биз мугалимдер кары-жаш дебей Дене тарбия институтуна барып, ал буйрукту аткарууга милдеттүүбүз. Бизди иш күндөрү деле жакшы эле чуркатышат. Жумушубуз чачтан көп. Эми дем алыш күндөрүбүзгө кол салышууда. Спорт ден соолукка пайдалуу, бирок спорттук норматив деген башка нерсе да. Министрликтин буйругун шылдың катары кабыл алдык", - деди ал.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин айрым мугалимдери бул маалыматты тастыктап, ушундай буйрук келгенин, бирок кайсы министрлик тарабынан экенине кызыкпаганын айтышты.

Маалымат толукталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dembele84
2019-10-10 10:07:54
Эми университетте жашы бар,карысы бар,бирок ошолордун курагына карап норматив болот да.Ден соолук учун кыймылдап койсонор эч нерсе болбойт.Сразу эле даттанып чыкпай чуркап койгула,каждый день жугуртуп аткан жок го
+2
Bars88
2019-10-10 10:21:58
Маршруткага дагы тушпосонор керек.Машинанар менен же такси менен журосунор акча коп.Кичине жегенинерди аш кылгыла тренировка кылып бок курсак болуп кеткенсинер
+3
duishonbek03
2019-10-10 10:41:10
Чуркап койсоңор эч нерсе болбойт,ден-соолугуңарга деле жакшы.Чуркабасаңар деле чуркаганга туура келет даарыкана менен даарыгерге
+2
Jango
2019-10-10 11:27:35
Министр прав100%
+1
bond02
2019-10-10 12:02:10
Озунорго эле пайда, жатып ичээр болбой.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан