Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелип жаткан Медет Бейшековдун апасы Жыпаркүл Иманкалиева анын уулу күнөөсүз кыйноого алынганын SUPER.KG порталына билдирип, окуянын чоо-жайын айтып берди.
Анын айтымында, милиция кызматкерлери арыздануучунун баласын күнөөсүз камап, мыкаачылык менен сабашкан.
"Өзүм Бостери айылында турам. Ошол жактан келип 1 жарым айдан бери акыйкаттык издеп жүрөм. Жалгыз балам Медет Бейшебековду Октябрь РИИБинин кызматкерлери 29- августта Каракол шаарында дос баласынын туулган күнүндө олтурган жеринен кармап кетишкен. Аны кармоого эч кандай себеп болгон эмес. Милиция кызматкерлери ал жерден баламды кармаганда эле мага таандык унаанын ачкычын алып алышкан. Ачкычты алып, баламдын колуна кишен салышкан. Уулумду кафеден алып чыгып Караколдун милиция бөлүмүнө алып барышкан.
Баламдын кармалганына 1 жарым саат өтпөстөн, кайра кафеге келип, унааны тинтүүгө алышкан. Бирок ачкычты ага чейин эле алып коюшкан. Унааны тинтүү учурунда кошумча дөңгөлөктүн жанынан Мирбек Атабековдун апасына таандык зер буюмдар салынган баштыкты өздөрү эле салып коюштуптур. Ошону менен Медетти Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине алып келишет. Келгенден кийин таңкы саат 5:00дөн баштап ур-токмокко алып, баламды айыпсыз кыйнашкан.
Алар качан гана баламдын үстүнө жактоочу киргенден кийин гана кыйнап, ур-токмокко алганын токтотушкан", - деди Жыпаркүл Иманкалиева.
Арыздануучунун айтымында, колундагы далилдерге карабай анын баласын камап коюшкан. Ал билдиргендей, тоноо болгон күнү анын уулу достору менен досунун үлпөт тоюнда болгон. Ал бул учурду тастыктай турган сүрөт, видеолор бар экенин айтат. Анткени уулу отурган унаа жол эрежесин бузгандыгы үчүн "Коопсуз шаардын" камерасына түшүп калган. Ал эми 5-майдан 6-майга караган түнү шектүү досунун үйлөнгөнүн майрамдап, Бостеридеги кафелердин биринде болгон. Арыздануучу муну анын достору далилдеп бере аларын алтургай ошол отурушта түшкөн сүрөттөр бар экенин айтты.
Жыпаркүл Иманкалиева азыр эч кимге ишенбестигин, бир гана үмүтү президентте калганын айтат. Ал бул үчүн президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу катын жазды. Шектүүнүн апасы президент тарабынан аталган окуяга оң баа берилет деп күтүп жатат.
"Акыйкаттык издеп баарына кайрылып жатам. Бардык далилдер бар экенин эске алып, баламды чыгарып беришет деп күткөм. Күндө эле үмүт берип эртең, бүрсүгүнү деп создуктуруп келишти. Андан бери 1 жарым ай убакыт өттү. Бардык тиешелүү кызматтарга кайрылдым. Бирок мен күткөндөй жыйынтык болгон жок.
Аягында президентке кат жазып, аны менен жолугушууну суранып жатам. Мен эч кимге ишенбейм. Тийиштүү жайларга кагаз менен кайрылсам 14 күндүн ичинде чечилет деп окшош жооп беришет экен. Мен аларга баламдын тагдыры чечилип жатат, күтө албайм дедим. Бейкүнөө уулум сабалганы аз келгенсип, күнөөсүз камакта жатат деп чырылдап жүрөм. Президентке жиберген катымдан жакшы жооп болот деп үмүт кылып жатам", - деп кошумчалады арыздануучу.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан бул окуя каралып жатканын, толук маалымат берилерин билдирди.
Ал эми Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор аталган окуя боюнча шектүү Бейшебеков Медеттин апасы арыз менен кайрылганын тастыктады.
"Уулум эч кандай күнөөсү жок, милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого учурады деп Бейшеков Медеттин апасы арыз менен кайрылган. Ал уулунун шаарда болбогонуна байланыштуу, кылмышка тиешеси жок деп билдирген. Мындан улам биздин кызматкерлер сабалды деген баланын өзүнө жолугуп келишкен. Ал өзү дагы 5-6 милиция кызматкерлери күнөөнү моюнуна алдыруу максатында кыйнашканын айткан. Биз арызга таянып Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасына жибергенбиз. Кат бүгүн кетти, биз анын жообун күтөбүз", - деп билдирди Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов.
Окуянын чоо-жайы:
Милицияга арыз менен Д.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар үйүнө кирип, күч колдонуу менен тоноп кетишкенин билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам изилдөө тобу түзүлгөн.
2-сентябрда шектүү катары 24 жаштагы Б.М. Караколдун кафелеринин биринде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.